Өзүн-өзү кармай албай, токтоно албай жеңилип кетүү, сабырдуулук кыла албоо. Өкүмсүнгөн неменин ачууга алдырып тарс жарылганына, чабалдыгын билдирип үстөлдү сындыра муштаганына табам канды (Жигитов).
Өзүн-өзү кармай албай, токтоно албай жеңилип кетүү, сабырдуулук кыла албоо. Өкүмсүнгөн неменин ачууга алдырып тарс жарылганына, чабалдыгын билдирип үстөлдү сындыра муштаганына табам канды (Жигитов). В.: Ачууга жеңдирүү. Ачууга жеңдирип, ушундай жерди таштап кетип бараткандыгы үчүн, эс алуусун өксүткөндүгү үчүн ал өкүнүч сезимине кабылды(«Ала-Тоо»). Антүүгө жарабайт, паңсат аке. Сиз ачууга жеңдирип жатасыз (Касымбеков).